05 Ноябрь 2019

Бизнес-акыйкатчы Коопсуздук кеӊешинин тѳрагасы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит мырза жана Бизнес-акыйкатчынын орун басары С.В.Пономарев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеӊешинин тѳрагасы Д.К.Сагынбаев менен жолугушту. 
Сагынбаев мырза Коопсуздук кеӊештин Катчылыгынын алдындагы эксперттердин кѳз карандысыз тобу болгон жумушчу топтун аткарган ролу жѳнүндѳ маалымат берди. Ал Бизнес-акыйкатчынын ѳкүлүнүн Катчылыктын жумушчу тобунун ишине катышуусу абдан маанилүү экендигин белгилѳѳ менен, Бизнес-акыйкатчы институтунун ишкерлердин кызыкчылыктары менен укуктарын коргоого арналган ишмердүүлүгүнѳ колдоо кѳрсѳтүүгѳ даяр экендигин билдирди