14 Февраль 2020
Бизнес-акыйкатчынын Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын тѳрагасы менен жолугушуусу
Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит мырза Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын тѳрагасы А.Э.Торутаев менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндѳ ишкерлердин мамлекеттик органдар менен кызмат адамдарынын иш-аракеттерине карата даттанууларын иликтѳѳнүн алкагында бирге аракеттешүү жана кызматташуу боюнча маселелер талкууланды. Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги коррупцияны азайтуу жана Кыргыз Республикасынын ишкердик чѳйрѳсүн жакшыртуу максатында Институттун бизнестин кызыкчылыктарын коргоо багытындагы ишмердүүлүгүн колдоого даяр экендигин билдирди