18 Февраль 2020

Кыргыз Республикасынын Президенти менен жолугушуусу

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит менен жолугушуусу болуп ѳттү. Жолугушууда ѳлкѳнүн бизнес субъектилеринин укуктары менен эркиндиктерин коргоо системасын жакшыртуу боюнча пикир алмашуу жүрдү. Ѳлкѳ башчысы Робин Орд-Смиттин тажрыйбасы бизнес жана инвестицияларды коргоонун натыйжалуу механизмдерин жѳнгѳ салып, мыйзам чыгаруу базасын жакшыртат жана мамлекеттик органдар менен ишкерлердин таасирдүү ѳнѳктѳштѳрдѳн боло алуусуна тоскоол болгон барьерлерди жоё алат деп ишенерин билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосундагы талаш-тартыштарды сотко чейин карап чыгуу боюнча учурдагы механизмдерди жакшыртуунун маанисин баса белгилѳѳ менен, дагы бир жолу Бизнес-акыйкатчы институтунун ишкерлердин ишенимине ээ болуп, мамлекеттик органдар менен бирге бизнести натыйжалуу коргоону камсыздай ала тургандыгынан шек санабагандыгын билдирди. Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит ѳлкѳнүн эӊ жогорку жетекчисинин колдоосу анын ишинде абдан чоӊ мааниге ээ экендигин белгилѳѳ менен, Президентке кѳрсѳткѳн ишеними үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ишкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын укуктук жактан коргоо кепилдиктерин жана алардын мамлекеттик бийлик органдары тарабынан сакталышын камсыздоо үчүн колунан келген күч-аракетин жумшай тургандыгын айтты