26 Февраль 2020
Бизнес-акыйкатчы Кыргызстандын түштүк региондору – Ош жана Баткен шаарларына иш сапары менен барды
Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит Кыргызстандын түштүк региондору – Ош жана Баткен шаарларына иш сапары менен барды. Иш сапарынын жүрүшүндѳ аймактык жетекчилер, муниципалдык жетекчиликтин жана Бизнес коомунун ѳкүлдѳрү менен жолукту. Бизнес-акыйкатчы Баткен областынын губернатору А.О.Абдрахманов, Ѳкмѳттүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү У.К.Жылкыбаев, Баткен областынын прокурору А.А.Халмурзаев жана Ош шаарынын вице-мэри С.Э.Турдуев менен жолугуп сүйлѳштү. Жолугушууларда кызматташтык жана ишкердикти колдоого, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу органдарынын, мамлекеттик сектордун ишканаларынын же болбосо кызмат адамдарынын иш-аракеттеринен/аракетсиздигинен ишкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодогу БАИнун миссиясы, ролу жана мандатына байланышкан маселелер талкууланды. Ишкерлердин суроолоруна жооп берип жатып, Орд-Смит мырза мамлекеттик органдар менен жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу органдарынын иш-аракеттерине/аракетсиздигине карата кабыл алынган арыздардын критерийлери тууралуу айтып берип, Институттун компетенциясына кирген маселелерге кененирээк токтолду