28 Апрель 2020
Бизнес-акыйкатчы ишкердик субъектинин даттануусун кароодон өткөрүп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органына биринчи чечимин жөнөттү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018- жылдын 31-декабрындагы №647-Токтому менен бекитилген «Ишкердик иштин субъектилеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адамы жѳнүндѳ» негизинде, 2020 жылдын 28 апрелинде Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит ишкердин даттануусун карап чыгып, биринчи чечимин мамлекеттик органга жөнөттү. Бизнес-акыйкатчыга берилген даттануу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы жагынан текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча чечиминин негизинде даярдалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө укук коргоо маселеси мамлекеттик орган жана ишкердин ортосунда пайда болду. Текшерүү процесстин жүрүшүндө укуктук чечмелөө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу маселелери боюнча талаш-тартыш жаралды. Бул талаш-тартышты чечүүгө көмөктөшүү максатында, мыйзамдуулуктун, калыстыктын, көзкарандысыздыктын жана адилеттүүлүктүн принциптерине ылайык, эки тараптан алынган маалыматтарга талдоо жүргүзүлдү. Маалымат кароонун жыйынтыгы боюнча Бизнес-акыйкатчы ишкердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуу боюнча арызынын негиздүүлүгүн колдоп, тиешелүү сунуштоо актысын мамлекеттик органга жиберди. Рекомендацияга даттануунун кыскача баяндамасы, тыянак негизделген себептер жана фактылар, ошондой эле Бизнес-акыйкатчы тарабынан аныкталган ишкердик субъектинин бузулган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын четтетүү, анын ичинде алардын кайталанышын болтурбоо боюнча сунуштар кирди. Бүгүнкү күндө Бизнес-акыйкатчыга арыздары менен 22 ишкер кайрылды. Бизнес-акыйкатчы институту укуктуу мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик үлүшү менен уюмдары тарабынан укуктары тебеленген ишкерлердин жана ишканалардын арыздарын www.boi.kg веб-сайт аркылуу кабыл алат