28 Апрель 2020

Бизнес-акыйкатчы 2020 жылдын 1-майынан баштап ишмердүүлүгүнө уруксат берилген ишканалардын жана ишкердик субъекттеринин кызматкерлери жеке уруксат алгандан бошотконун сунуштады

Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит Өкмөткө жана Жогорку Кеңешке 2020-жылдын 1-майынан баштап ишмердүүлүгүнө уруксат берилген ишканалардын жана чарбалык субъектилердин кызматкерлерин жеке уруксат алгандан алуу милдетинен бошотуу өтүнүчү менен кайрылды. Бул ишкерлердин жана коменданттын ишин жеңилдетип, коррупцияга жол бербейт. "Мындан тышкары, өзгөчө кырдаал киргизилген аймактардан кириш /чыгуучу жерлерде санитардык-карантиндик пункттардан өтүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосу ишкердик жана чарбалык субъекттеринин ишин тез жана натыйжалуу улантуу мүмкүнчүлүгүнө оң таасирин тийгизет. Бул маселедеги кечиктирүүлөр Кыргыз Республикасынын ишкер чөйрөсүн жана экономикасын калыбына келтирүүгө тосколдук тийгизиши мүмкүн"