04 Март 2020

Бизнес-акыйкатчы Нарын шаарына иш сапары менен барды

Иш сапарынын жүрүшүндѳ Нарын облусунун аймактык жетекчилер, муниципалдык жетекчиликтин жана бизнес коомунун ѳкүлдѳрү менен жолукту. Нарын облусунун ишкерлери менен жолугушуусунда, ишкерлердин суроолоруна жооп берип жатып, Бизнес-акыйкатчы мамлекеттик органдар менен жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу органдарынын иш-аракеттерине/аракетсиздигине карата кабыл алынган арыздардын критерийлери тууралуу айтып берип, Институттун компетенциясына кирген маселелерге кененирээк токтолду Ошол эле күнү Бизнес-акыйкатчы Нарын областынын губернатору Алымкулов Э.А., Нарын областынын прокурорунун орун басары Нурмаматов Р. менен жолугуп сүйлѳштү. Жолугушууларда кызматташтык жана ишкердикти колдоого, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу органдарынын, мамлекеттик сектордун ишканаларынын же болбосо кызмат адамдарынын иш-аракеттеринен/аракетсиздигинен ишкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодогу БАИнун миссиясы, ролу жана мандатына байланышкан маселелер талкууланды