11 Март 2020
Бизнес-акыйкатчы Институтунун өкүлдөрү Каракол шаарынын ишкерлери менен жолугушту
11 марта Бизнес-акыйкатчы Институтунун өкулдөрү Каракол шаарынын ишкерлери менен жолугушту. Жолугушууда кызматташтык жана ишкердикти колдоого, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу органдарынын, мамлекеттик сектордун ишканаларынын же болбосо кызмат адамдарынын иш-аракеттеринен/аракетсиздигинен ишкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодогу БАИнун миссиясы, ролу жана мандатына байланышкан маселелер талкууланды. Жолугушууда Каракол шаарынын, Жети-Өгүз жана Тюп аймактардын ишкерлери, бизнес-ассоциациалардын мучѳлѳрү, Ишкерлерге жардам берүү борборунун өкүлдөрү, Ыссык-Көл облусунун прокурору Маматбаев Белек мырза жана Ысык-Көл облусунун райондук прокурорлору катышты. Ысык-Көл бизнес клубунун төрагасы Вениамин Кудрявцевдин айтымында: «Бизнес-акыйкатчы Институтун түзүлүүшү - бул бизнести колдоо үчүн эң жакшы чечим. Мен ишкерлердин укугун коргоо жаатында Институттун натыйжалуу иш алып баруусуна чын жүрөктөн ишенем». Ушул эле күнү, Бизнес-акыйкатчынын орун басары Мусуралиев Нурлан мырза Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Усенова Э.В. жана Ысык-Көл облусунун акимдери менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө региондун бизнес чөйрөнүн өнүгүүсү талкууланды