12 Март 2020
Чолпон-Атанын ишкерлери менен жолугушуу
12 мартында Бизнес-акыйкатчынын орун басары Мусуралиев Нурлан мырза Ысык-Көл районунун акими Д. Иманалиев жана Чолпон-Ата шаарынын мэри Т.Сарбагышев менен жолукту. Жолугушууда Бизнес-акыйкатчы Институту менен аймактын жетекчилигинин ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды. Ошол эле күнү Институттун өкүлдөрү Чолпон-Ата шаарынын ишкерлери менен жолугушту. Жолугушууда бизнестин кызыкчылыктарын коргоо, арыздарды кабыл алуу критерийлери, аларды карап чыгуу мөөнөттөрү жөнүндө маек өттү. Жолугушуунун катышуучулардын бири, 12 жылдан бери ишкерликте иштеген Кылычов Каныбек мындай пикирлери менен бөлүштү: “Мындай уюмду түзүү өтө керектүү. Бизнес өкүлү катары мен мамлекеттик органдар менен ай сайын кезигем, кез-кезде мен наарызы болуп мыйзамдык жана укуктук жардамга мукташ болом” деп белгилеп кетти. .