11 Май 2020

Бизнес-акыйкатчы Президенттин өлкөнүн бизнес коомчулугу менен жолугушуусуна катышты

Бүгүн Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков менен бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусуна катышты. Бизнес-акыйкатчы пандемиядан кийин бизнести колдоо жана ишкердик-экономикалык иш-аракеттерди калыбына келтирүү үчүн зарыл чараларды өз убагында көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары, ал ишкердик субъекттерине кайра жаралуучу экономикалык иш-аракеттердин талаптары жана шарттары жөнүндө, ошондой эле мамлекеттен колдоого алынган чаралар жөнүндө тез маалымат таратуу зарылдыгын белгиледи. Ал пандемия сабактарын эске алып, кыска жана узак мөөнөттүү чараларды кабыл алууга жана бизнес үчүн салыктык жеңилдиктерди берүүгө көңүл бурду.