12 Май 2020

Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин-Орд-Смит кошумча бюрократияны жана ишкерлердин Бишкек шаарында кыймылдоо уруксаттарын алып салуусун сунуштады

Бизнес-акыйкатчы ишкерлерге Бишкек шаарына кирүүгө уруксат алыш үчүн коюлуп жаткан талаптарды «кошумча бюрократия» деп эсептейт. «Ишкерлер өз ишмердүүлүгүн калыбына келтирип, жумуш орундарын сактап калып, туруктуулугун камсыз кылуу менен алек болуунун ордуна уруксат кагаздарын чогултуп, сааттап кезекте турууга мажбур болуп жатышат. Бул өлкөнүн экономикасын тез арада калыбына келтирүүгө жардам бербейт” Салык кызматына мөөр бастырыш үчүн баргандар өтө көп топтолууда, бул вирустун жайылышына шарт түзөт. Интернет аркылуу өтүнмө тапшыруу жөндөмү туура багытта жасалган кадам, бирок бизнес үчүн мындай оор учурда бул чара жетишсиз. Тилекке каршы, буга чейин пропуск берүүдө бузулган учурлар аныкталган, бул механизм жалпы коррупциялык багытына карата коомчулуктун шек саноосун жаратат. Мындан тышкары, электрондук пропуск толтуруу боюнча нускамасында, арыздарды кабыл алуудан баш тартуу критерийлеринин тизмесинде №6 критерий көрсөтүлгөн: "Группанын материалдар менен иштөөдөн баш тартуу". Буга чейин, Бишкек коменданты тарабынан уруксат кагаздары берилгенде, так белгиси жок бул критерий пропуск берүүдө көп катачылыктарга жол берген. Ушуга байланыштуу, бир нече ишкерлер Бизнес-акыйкатчыга бул маселени чечүү өтүнүчтөрү менен кайрылышкан. Бир нече жумалык тыныгуудан кийин, ишкерлер экономикалык ишмердүүлүгүн калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтүп жатышат, ал эми жаңы талаптар кошумча кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды жаратат. Бизнес-акыйкатчы тийиштүү мамлекеттик органдарды ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүп, тез арада көзөмөлдөө-өткөрүү системасын алып салууга чакырды