13 Ноябрь 2019
Бизнес-акыйкатчы Лондон шаарындагы «Кыргызстан: Аймактарды санариптештирүү» инвестициялык форумга катышты
Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит мырза Европа Реконструкция жана ѳнүгүү банкы тарабынан уюштурулуп, 2019-жылдын 12-ноябрында Улуу Британиянын Лондон шаарында ѳткѳн «Кыргызстан: Аймактарды санариптештирүү» аттуу инвестициялык форумга катышты. Орд-Смит мырза Форумдун Кыргызстандын инвестициялык климатын ѳнүктүрүүнүн контекстинде маалымат технологияларына арналган панелине модераторлук кылды. Форумдун максаты катары, Улуу Британиялык потенциалдуу ѳнѳктѳштѳр үчүн Кыргызстанды жагымдуу инвестициялык аянтча сыпатында кѳрсѳтүү белгиленген. Кыргыз Республикасынан иш-чарага биринчи вице-премьер-министр К.Боронов, КР Президентинин кеӊешчиси Панкратов, Инвестицияларды тартуу жана коргоо агенттигинин жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Туризм министрлигинин жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн ѳкүлдѳрү катышып келди. Потенциалдуу инвесторлор үчүн ѳлкѳ менен бизнес-чѳйрѳнүн учурдагы абалы тууралуу презентация кѳрсѳтүлүп, Ѳкмѳттүн бизнес жана инвестицияга карата пландары менен позициялары айтылды. Кыргызстандын азыркы инвесторлору ѳлкѳдѳ бизнес жүргүзүү боюнча тажрыйбалары менен бѳлүшүштү. Бул – Бизнес-акыйкатчы жаӊы ролдо – ишкердик иштин субъектилеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары катышкан алгачкы Форум болду. Форум инвесторлорго Бизнес-акыйкатчы институту, анын пайда болушу, ролу, аткарган кызматтары жана инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоодогу ыйгарым укуктары жѳнүндѳ айтып берүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк жаратты