25 Май 2020
Бизнес-акыйкатчы Институтунун жардамы менен Бишкектеги ишкерлерге электрондук уруксат алуу нускамасы жаңыртылды
14-майда бизнес коомчулук Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри А. Бакетаев менен жолукту. Жолугушууда өзгөчө кырдаал учурдагы ишкерлердин көйгөйлөрү, жеке ишкердик субъектердин этабы менен калыбына келтирилиши, Бишкек шаарына кирүүгө менен байланыштуу чектөөлөр жана талаптар талкууланды. Жолугушууга бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев катышты. Ал өз сөзүндө Бизнес-акыйкатчы Институту тарабынан бир катар сунуштарды билдирди жана уруксат берилген иш-аракеттерге ишкерлер үчүн электрондук уруксаттарды берүү маселесине көңүл бурду. Электрондук уруксат документти толтуруу нускамасында, арыздарды кароодон баш тартуунун критерийлеринин арасында №6 пункту бар - “Документтерди караган топтун баш тартуусу”. Буга чейин, Бишкек коменданты тарабынан уруксат кагаздары берилгенде, бул такталбаган критерий уруксат берүүдө көп катачылыктарга жол берген. Ушуга байланыштуу электрондук уруксат кагазын толтуруу нускамасында №6 пункту алып салуусу сунушталды. Бизнес-акыйкатчы Институтунун жана Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрүнүн ортосундагы консультациялардын натыйжасында, нускамага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, № 6 пункт жокко чыгарылды. Мындан тышкары нускамага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан уруксат берүүдөн баш тартуунун негиздери киргизилди. Бизнес-акыйкатчы Институту Бишкек шаардык мэриясына жогорудагы маселени тез арада чечкендиги үчүн ыраазычылык билдирет