26 Май 2020

Башкы прокурор менен жолугушуу

Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратуранын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуу маселелери, ишкерлердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана аракеттер талкууланды. Робин Орд-Смит мырза Бизнес-акыйкатчы институттун иши жөнүндө, мамлекеттик органдардын иш-аракеттери, аракетсиздиги жана чечимдери боюнча ишкерлердин даттанууларын чечүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен тааныштырды. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.Дюшембиев Башкы прокуратуранын 2019 жана 2020-жылдарга карата жүргүзүлүп жаткан иштери менен бөлүштү. Анын ичинде мамлекеттик органдардын ишкерлердин ишине негизсиз кийлигишүү фактылары жана ишкерлердин укуктарын коргоо күчөтүү боюнча иш-чаралар. Мындан тышкары Башкы прокуратуранын түзүмүндө ишкерлердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө жана инвесторлорду коргоо боюнча атайын бөлүм түзүлгөн. Анын милдеттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде ишкерлерге келтирилген зыяндын алдын алуусу жана коргоону жогорулатууга багытталган маселелердин кеңири чөйрөсү кирет. Тараптар ишкердик субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатында кызматташууга макул болушту