29 Май 2020

Башкы прокуратуранын ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо бөлүмү менен жолугушуу

Бизнес-акыйкатчынын орун басарлары Мусуралиев мырза жана Пономарев мырза Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишкерлердин жана инвесторлордун укугун көзөмөлдөө жана коргоо бөлүмүнүн башчысы менен жолугушууну өткөрүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча биргелешкен аракеттерди жана кызматташууну талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишкерлердин укуктарын коргоо, жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүү жана кызматташууну күчөтүү зарылчылыгы жөнүндө бир пикирге келишти