10 Июнь 2020

Бизнес-ассоциациялар менен жолугушуу

Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит Улуттук Бизнес Клубунун жана Бизнес Ассоциациялардын Улуттук Альянсынын мүчөлөрүнүн биргелешкен жыйынына катышты. Жолугушуу ишкерлердин укугун коргоо жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүү маселесине арналган. Бизнес-акыйкатчы өзүнүн иши жөнүндө, ишкерлердин кандай арыз-даттануулары кабыл алынат жана алар кандай түрдө караштырылып, кандай жолдо изилдөөдөн өтөт жөнундө маалымат берди. Бизнес-акыйкатчы институту мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик сектордун ишканаларынын жана алардын кызмат адамдарынын иш-аракеттерине, чечимдерине жана аракетсиздигине каршы ишкерлердин даттанууларын изилдеп, бизнестин кызыкчылыктарын коргойт. Арыздар акысыз каралат, арыздар Бизнес-акыйкатчы институтунун www.boi.kg веб-сайты аркылуу берилет. Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратуранын орун басары, Башкы прокуратурасынын ишкерлердин жана инвесторлордун укугун көзөмөлдөө жана коргоо департаментинин өкүлдөрү, Экономика министрлигинин, Инвестицияларды коргоо агенттигинин өкүлдөрү катышты