12 Июнь 2020
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Асрандиев Э. мырза менен жолугушуу
Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит мырза, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Асрандиев Э. мырза менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Бизнес-Акыйкатчы Кыргыз Республикасынын бизнес чөйрөсүн колдоо боюнча бир катар маанилүү маселелерди көтөрдү. Бизнес-акыйкатчы институтунун баштапкы жана орто натыйжалары, келип түшкөн даттануулардын жана ишкерлердин кайрылууларынын мүнөзү жана тенденциялары, Бизнес-акыйкатчы институтуна келип түшкөн даттанууларды кароо иштери талкууланды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан COVID-19 пандемиясынын шартында ишкердикти колдоо жана өзгөчө абал шартынан чыккандан кийин ишкердикти калыбына келтирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар каралды. Бизнес-Акыйкатчы инвесторлорду колдоо, инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсүн жөнөкөйлөтүү боюнча кеңештерин жана сунуштарын киргизди. Соңунда тараптар ишкерлердин жана бизнес өкүлдөрүнүн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатында кызматташууну чыңдоо боюнча мындан аркы чаралар боюнча ой бөлүштү