15 Июнь 2020
Ишкерлерге ашыкча текшерүүлөр жана айыппулдар салынуу жөнүндө
Робин Орд-Смит мырза, Кыргыз Республикасынын Бизнес-Акыйкатчысы, ишкерлерге жана бизнес өкүлдөрүнө карата ашыкча текшерүүлөр жана айыппулдар болуп жаткандыгы жөнүндө массалык маалымат каражаттарынын байма-бай кабарлары боюнча тынчсыздануусун билдирет. Карантин жана өзгөчө абал учурунда бизнес-активдүүлүктүн мажбурдуу түрдө токтошунун кесепетинен болгон зыянчылыктан ишкердүүлүк субъекттери толугу менен бутуна тура элек. Алар экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүү, жумушчу орундарын сактоо жана өлкөнүн экономикасына салым кошуу үчүн күрөшүп, болгон күчүн жумшап жатышат. Ушуга байланыштуу, ар бир кошумча финансылык кысым коррупциялык тобокелдиктерге жана жеке сектор үчүн терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Бизнес-акыйкатчы кээ бир мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан көп сандаган текшерүүлөрдүн ишкердик субъекттерине жана ишкерлерге кысымын күчөтүп жаткандыгы тууралуу өзгөчө тынчсыздануусун билдирди. COVID-19 дартынын жайылуу шартында жарандардын коопсуздугу өтө маанилүү. Жарандардын ден соолугун жана коопсуздугун сактоо үчүн бизнестин санитардык эрежелерди жана ченемдерди сактоо зарылчылыгы жана жоопкерчилигинде шек жок. Ушул себептен, санитардык нормаларды аткаруу боюнча пикир келишпестиктерден улам, туура эмес чечмелөөлөрдүн негизинде мыйзамсыз салынган айыптарга жол берилбеши зарыл. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү бул иште кесипкөйлүктүн максималдуу деңгээлин көрсөтүп, өлкөнүн бизнесине кошумча басым жана оорчулук келтирүүчү жазалоо ыкмаларын колдонуунун ордуна, маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү артык көрүшү шарт. Бизнес - акыйкатчы айыппулдарды мыйзамсыз алуу, коррупция же алардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузуунун башка учурларына туш болгон ишкерлерди жана бизнес өкүлдөрүн - арызды Бизнес-акыйкатчыга www.boi.kg веб-сайты аркылуу же уюмдун кеңсесинин 0222 911 330 жеке дарегине жөнөтүүгө чакырат. Бизнес-акыйкатчы - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик сектордун ишканаларынын жана алардын кызмат адамдарынын иш-аракеттерине (чечимдерине) жана аракетсиздигине карата ишкерлердин жана бизнес өкүлдөрүнүн даттанууларын караган ишкердик субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам. Бизнес-акыйкатчы өз ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 647 "Ишкердик субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам жөнүндө" токтомунун негизинде жүргүзөт. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде Бизнес-акыйкатчы ишкерлердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуу фактыларын өз алдынча иликтөөгө укуктуу