17 Июнь 2020
Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушуу
Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд Смит Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Намазалиев мырза менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Бизнес-акыйкатчынын милдети жана иши, ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо жана ишкердикти колдоо маселелери талкууланды. Бизнес-акыйкатчы ишкерлер жөтнөтткөтн даттануулардын түрү жана мүнөзү жөнүндө, ишкерлердин экономикалык ишин калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон чаралар жөнүндө айтып берди. Тараптар биргелешкен кызматташуу жөнүндө макулдашышты