23 Июнь 2020

Ишкердин маселеси Бизнес-акыйкатчыга кайрылгандан кийин чечилди

"Бизнес-акыйкатчыга арыз жазгандан кийин биздин маселе конструктивдүү жана ыкчам чечиле баштады. Команданын компетенттүүлүгүнүн натыйжасында көйгөйүбүздү чечип алдык. Укуктарды жана кызыкчылыктарды профессионалдык деңгээлде коргогон Бизнес-акыйкатчы Институту, өлкөбүздүн бизнес-коомчулугунун өнүгүшүнө көмөктөшүүдө, буга биз абдан ыраазыбыз ”, - деди Бизнес-акыйкатчыга арыз менен кайрылган ишкер. Бизнес-акыйкатчыга “Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаа ишканасы” тарабынан мурда түзүлгөн келишимдер боюнча жалпысынан 2 млн 994 миң 510 сом төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу ишкердик субъект арыз менен кайрылган. Даттанууга байланыштуу бардык маалыматтарды талдап чыккандан кийин жана тараптардын даттануу предметинин жагдайлары боюнча түшүндүрмөлөрүн алгандан кийин, Бизнес-акыйкатчы Институтунун өкүлдөрү талашты тынчтык жолу менен чечүүгө аракет жасашты. Бизнес-акыйкатчы институтунун өкүлдөрү менен муниципалдык ишкананын жана ишкердик субъектинин өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тараптар талашты тынчтык жолу менен жөнгө салышты. Муниципалдык ишкана өз милдеттенмелерин аткара баштады жана, бир жумадан кийин, 400 миң сом өлчөмүндө карыздын бир бөлүгүн төлөп, карыздын жалпы суммасы үчүн кепилдик милдеттенмелерин камсыз кылып берди. Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит: "Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаа ишканасы" муниципалдык ишканасы менен кызматташуудан улам, кырдаал тынчтык жолу менен жөнгө салынганына кубанычтамын. Кесипкөйлүгү, ыкчамдыгы жана кызматташууга даярдыгы үчүн ишкананын жетекчилигине ыраазычылык билдиргим келет. ”