01 Июль 2020

Консультативдик кеңешме

Бизнес-акыйкатчынын орун басарлары менен Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасынын ишкерлердин укугун көзөмөлдөө жана инвесторлорду коргоо бөлүмү жана Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин өкүлдөрүнүн ортосунда консультативдик кеңешме болуп өттү. Бизнес-акыйкатчынын орун басары С. Пономарев мырза жана Н. Мусуралиев мырзанын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасынын ишкерлердин укугун көзөмөлдөө жана инвесторлорду коргоо бөлүмү жана Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин өкүлу Таалайбекова Т. айым менен консультативдик жолугушуу өткөрүлдү. Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ишкерлердин укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, пандемия жана экономикалык каатчылык учурунда ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо маселелерин, бизнес менен инвесторлордун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатында макулдашылган өз ара аракеттенүү жана кызматташуу зарылдыгын талкуулашты