03 Июль 2020
Бизнес субъекти мурда төлөнгөн салыктардан 272 миң сомду кантип үнөмдөдү
"ПроЭМЭС" ЖЧШтин Кыргыз Республикасындагы филиалынын 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча киреше салыгы ашыкча төлөнгөн. Уюм салык органдарына 272 миң сом ашыкча сумманы салыктын башка түрлөрү боюнча салык карызын эсептеп кабыл алуу өтүнүчү менен кайрылган. Салык органы эсептеп берген жок. Маселени административдик багытта чечүү аракеттери ийгиликсиз болду. Ошондо уюмдун өкүлү Бизнес-акыйкатчыга арыз менен кайрылууну чечти: даттануунун предмети www.boi.kg веб-сайтында атайын форма аркылуу көрсөтүлгөн, маалыматтарды тастыктоочу-тактоочу документтер тиркелген. Бизнес - акыйкатчы Институтунун кызматкерлери арызды карап чыгып, иштин жагдайын тактоо үчүн салык органы менен байланышкан. Натыйжада, салык органы ашыкча төлөнгөн салыктын суммасын эсептен чыгарган: 272 миң сом салыктын башка түрлөрү боюнча карыздарга кабыл алынып, кайра эсептелинди. «Биз өзүбүздүн укугубуздун корголушун сездик. Биздин маселени чечүүдө кесипкөйлүгү жана ыкчамдыгы үчүн Бизнес-акыйкатчы Институтуна чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз ”, - деди уюмдун башчысы чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди