06 Июль 2020

Америка Соода Палатасынын мүчөлөрү менен он-лайн жолугушуу

Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит мырза, Бизнес-акыйкатчынын орун басары Н. Мусуралиев мырзы жана Бизнес-акыйкатчы институтунун адистеринин Америка Соода Палатасынын мүчөлөрү менен он-лайн жолугушуусу болуп өттү, анда пандемия мезгилиндеги бизнес өкүлдөрүнүн кыйынчылыктары жана көйгөйлөрү талкууга алынды. Ачык диалогдун алкагында каржылоо мүмкүнчүлүгү менен байланышкан бизнестеги кыйынчылыктар, Башкы прокуратуранын иш-аракеттери, мыйзамдын кемчиликтери, карама-каршылыктар жана конфликттер, салык жүгү жана салыктык башкарууда орун алган мүчүлүштүктөр айтылды. Бизнес-акыйкатчы бизнес тарабынан көтөрүлүп жаткан маселелерге көңүл буруп, өз кезегинде Бизнес-акыйкатчы Институтунун ыйгарым укуктары, пандемия учурунда Институттун иши, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик сектордун ишканаларынын иш-аракеттерине ишкерлерден даттанууларды берүүнүн критерийлери жана тартиби жөнүндө айтып берди