13 Июль 2020
Жаза санкцияларын алып салуу
Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү 2020-жылдын май айында ишкердин патенттин негизинде салык төлөгөндүгүн текшерген. Текшерүүнүн жыйынтыгында, тиешелүү төлөмдөрдүн жоктугуна байланыштуу ишкерге айып пул салынган. Бизнес-акыйкатчынын катчылыгы тиешелүү мыйзамдарга талдоо жүргүзүп, салык иштерин башкарган мамлекеттик мекемеге суроо-талап менен кайрылган. Мамлекеттик органдын өкүлдөрү жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүктү жана кызматташтыкты көрсөтүп, салык санкциясын кайра карап чыгуу керек жана жазаны алып салуу керек деген бүтүмгө келишти. Чечим, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында салык санкцияларын жана туум өз убагында аткарбаганы үчүн салык төлөөчү тарабынан 2020-жылдын март айынан июнь айына чейин болгон салык мезгилдериндеги салыктык милдеттенмелерди өз убагында аткаруудан бошотуу (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги Мыйзамынын 3-беренеси № 33 "социалдык-экономикалык алсыз кырдаалга байланыштуу абалды турукташтыруу боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө") байланыштуу кабыл алынды