15 Июль 2020

«Бизнести коргоо: G2B. Өнөктөштүк эволюциясы» форуму

Бизнес-акыйкатчынын орун басары Пономарев мырза «Бизнести коргоо: G2B. Өнөктөштүк эволюциясы» форумуна дистанттык түрдө катышты. Форум Башкортостандын Уфа шаарында өттү. Форумга Башкортостан Республикасынын Президенти Р. Хабиров мырза, Россия Федерациясынын ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым өкүлү (Бизнес-акыйкатчысы), Б.Титов мырза, Россиянын алдыңкы саясатчылары жана ири жана чакан бизнес өкүлдөрү катышты. Форумдун катышуучулары бизнести коргоо жаатында иш-аракет жана алдыңкы тажрыйбалар менен алмашышты, ийгиликтүү кейстерди сунушташты жана COVID-19 пандемия кырдаалындагы бизнестин курч көйгөйлөрүн талкуулашты. Бизнес-акыйкатчынын орун басары “Бизнес жана өкмөт: өнөктөштүк үлгүсү” пленардык жыйындын алкагында баяндама жасады. Ал өз сөзүндө Кыргызстандагы мамлекет менен бизнестин ортосундагы диалогдун форматы, пандемия мезгилиндеги ишкерлердин абалы, өлкөдөгү учурдагы инвестициялык климат, Бизнес-акыйкатчы институтунун өкмөт жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү, Бизнес-Акыйкатчы тарабынан каралган алгачкы ийгиликтүү кейстер, даттануулардын тенденциялары жана ишкерлердин даттанууларын кароодо пайда болгон кыйынчылыктарга токтолду. Сөзүнүн аягында ал: "Бизнес менен өкмөттүн өз ара аракеттенүүсү - бул туруктуу байланышты, ишенимди жана жалпы түшүнүшүү чөйрөсүн талап кылган процесс" деп баса белгиледи