11 Август 2020

Кыргыз Республикасысынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Караван" Соода Борборунун ижарачыларынын укуктарын бузууда

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдындагы объекттерди башкаруу Дирекциясы мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, “Караван” Соода Борборунун ижарачыларынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууда. “Караван” СБунун ижарачыларынын арызын кылдаттык менен карап чыккандан кийин, Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит мырза ушундай жыйынтыкка келди. “Караван” СБунун ижарачылары Бизнес-акыйкатчыга Фонддун жана Дирекциянын иш-аракеттери жөнүндө 2020-жылдын март айында арыз менен кайрылышкан: келишимдеринин мөөнөтүн узартуу же жаңы мөөнөткө ижара келишимдерин түзүү боюнча Фондго жана Дирекцияга бир нече жолу кайрылышканына карабастан, ижарачылар 2019-жылдан бери "Караван" соода борборундагы жайларды кагаз жүзүндө ижара келишимсиз колдонуп келишкен. Ижарачылар "Караван" соода борборунда ишкердик ишин улантып, ижара акысын төлөп жатышса дагы, Фонд "Караван" соода борборунун имараттарын электрондук аукционго киргизүүнү чечти. "Караван" СБунун имараттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин - Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен мамлекеттик мүлккө ижара келишимин түзүүгө укук берүү үчүн пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун негизинде Фонд тарабынан электрондук аукциондордун реестрине киргизилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобо, 2017-жылдын 18-августу № 507. Фонд ошондой эле "Ишкер адамдардын укугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүүнүн негизги принцибин бузган, ага ылайык милдеттүү талаптарды орноткон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын мүчүлүштүктөрү жана кемчиликтери мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишкердик субъекттерине карата каршы колдонулбашы керек. Даттанууну ар тараптуу жана калыс кароонун жана териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча, Бизнес-акыйкатчы “Караван” СБунун ижарачыларынын укуктарын бузуу фактысы боюнча арызды колдоп, чара көруу актын - Фондго жана Дирекцияга ижарачылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууну четтетүү боюнча сунуштама жазып, ал 2020-жылдын 29-май күнү жиберилди. Бизнес-акыйкатчынын жаңы келишимдерди түзүүгө жана ишкердик субъекттерине ишкердик иш-аракеттерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө сунушуна карабастан, Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аныкталган бузууларды четтетүүдөн баш тартты. Фонддун көрсөтмөсү боюнча, Дирекция ижарачыларга ижарага алынган жайларды 2020-жылдын 15-августуна чейин бошотуу керектиги жөнүндө кабарлоо жиберген. Бизнес-акыйкатчы Фондду жана Дирекцияны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аныкталган бузууларды жоюуга жана жаңы ижара келишимдерин түзүүгө жана “Караван” СБунда ишкердик ишин улантууга укугу бар ижарачылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүүгө үндөйт. Бизнес-акыйкатчы, эгерде Фонд жана Дирекция мындан ары кызматташууга, өз функцияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде аткарууга даяр эместигин билдиришсе жана ишкерлерге карата мыйзамсыз аракеттерди жасоо практикасын улантышса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн ишкерлердин мыйзамдуу укуктарынын бузулушун четтетүү боюнча сунуштардын аткарылышын көзөмөлгө алууга чакырат. Бүгүнкү оор экономикалык шартта, ишкерлер мамлекеттин колдоосуна жана жардамына муктаж болуп турганда, мамлекеттик органдардын мындай мыйзамсыз аракеттери бизнестин ансыз деле оор абалын ого бетер курчутат. Ишкерлер жана бизнес өкүлдөрү ишкердүүлүктүн шарттарын максималдуу жеңилдетүүгө, кысым жана тоскоолдуктардын колдон келишинче жоюлушуна, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүнө жана ачыктыгына, мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдердин отчеттуулугуна жана ырааттуулугуна багытталган олуттуу тутумдуу реформаларды жүргүзүүдө саясий эрктүүлүккө муктаж