28 Август 2020

Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча кеңештин отурумуна катышуу

Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Орд-Смит мырза, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча кеңештин отурумуна катышты. Бизнес-акыйкатчы Бизнес-акыйкатчы институтунун 6 айлык ишмердүүлүгүндө аныкталган негизги тренддер жөнүндө маалымат берди жана төмөнкүлөрдү белгиледи: “Мамлекеттик органдардын иш-аракеттери жана чечимдери боюнча ишкерлерден келип түшкөн арыздарды териштирүүбүздө ишкердикти жүргүзүүгө тоскоолдуктарды жараткан бир катар тутумдук көйгөйлөр аныкталды. Алардын арасында: - мыйзамдарды ар кандай чечмелөөгө мүмкүндүк берген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында боштуктардын жана карама-каршылыктардын болушу; - мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ыйгарым укуксуз чечмелөө; - мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдердин мурунку чечимдерин жокко чыгаруу тенденциясы менен дал келбеши». Бизнес-акыйкатчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кызматташуу жана бизнес өкүлдөрүнүн даттанууларын калыс жана көз карандысыз иликтөөгө катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда ал айрым учурларда мамлекеттик органдар кызматташууга анча даяр эместигин белгиледи. Бул ишкерлердин укуктарынын бузулушуна байланыштуу арыздарды териштирүүдө кыйынчылыктарды жаратат. Ушул тоскоолдуктардын арасында: - мамлекеттик органдардын маалымат берүүдөн баш тартышы; - маалымат берүү мөөнөттөрүн сактабаганда; - сапатсыз маалымат берүү - сурамда берилген суроолорду көрмөксөнгө салуу же качуу. Жыйынтыгында Бизнес-акыйкатчы пандемиядан кийин экономиканы жандандыруу жана калыбына келтирүү маанилүү экендигин белгиледи. Компаниялар жана ишкерлер өкмөт бере ала турган максималдуу колдоого муктаж. Ишканалар туруктуу иштеп, жумуш орундарын сактап калышы керек. Аракеттер бизнес чөйрөсүн жеңилдетүүгө, санариптештирүүгө жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүнө багытталууга тийиш