30 Август 2020
Кыргыз Республикасынын премьер-министри менен жолугушуу
Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит мырза Кыргыз Республикасынын премьер-министри К.Боронов мырза менен жолугушту Бизнес Акыйкатчы премьер-министрге Бизнес-акыйкатчы Институтунун ишинде алгачкы алты айдагы тенденциялар жөнүндө маалымат берди. Пандемиянын шарттарына карабастан, институт дистанттык режимде иш алып барып, консультация берип, ишкерлерден келип түшкөн арыздарды кабыл алып, териштирип, бизнести жана ишкерлерди колдоо чаралары боюнча сунуштарды иштеп чыгууну улантты. Конструктивдүү маектин жүрүшүндө тараптар Бизнес-акыйкатчы Институтун бекемдөө, мындан аркы кадамдарды, анын ичинде “Ишкердик субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам жөнүндө” (Бизнес-акыйкатчы) мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу менен байланышкан маселелерди талкуулашты. Бизнес -акыйкатчы ишкерлерден түшкөн арыздарды иликтөө боюнча мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тажрыйбасы менен бөлүшүп, кызматташууга анча даяр эмес айрым мамлекеттик органдарды белгиледи. Орд-Смит мырза, ишкердик активдүүлүктү калыбына келтирүү жана экономиканы жандандыруу үчүн бизнеске ар тараптуу колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, 2020-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча Кеңештин отурумунун жүрүшүндө Премьер-министр тарабынан сунушталган жолугушууларды ай сайын өткөрүү идеясын колдоду. Бизнес-акыйкатчы Өкмөт башчысына ишкерлердин укуктарын коргоого жана өлкөнүн бизнес-климатын жакшыртууга катышкандыгы, ачык колдоосу жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди