16 Сентябрь 2020
70 миллион сомдон ашык салыкты кошумча эсептөө боюнча иш
2020-жылдын март айында ишкердик субъект текшерүүнүн жыйынтыгында кабыл алынган мамлекеттик органдын чечимине каршы Бизнес-акыйкатчыга арыз жөнөткөн. Мамлекеттик орган ишкердик субъекттин уставдык капиталын көбөйтүү үчүн бөлүштүрүлбөгөн кирешесин дивиденддеринин төлөөсүнө теңеди да, буга байланыштуу 70 миллион сомдон ашык суммадагы салык менен туум санап берди. Эки тараптан тең келип түшкөн материалдарды кароонун жыйынтыгында Бизнес-акыйкатчы ишкердик субъектинин укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган деген тыянакка келди. Салыктар салык милдеттенмесинин пайда болушунун жана аткарылышынын негиздерин жана тартибин белгилөөгө мүмкүндүк берген укуктук ченемдери жок эле эсептелинген. Башкача айтканда, кошумча төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган салык салуунун принцибине каршы келип чыккан. Чечим кабыл алууда мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өзү билгендей, тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды иштеп чыгууга жооптуу мамлекеттик органдын позициясын эске албай, тескерисинче, ага каршы чечмелеген. Бул операцияны жүргүзүүдөн мурун, субъект мамлекеттик органга аны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жана ага байланыштуу салык милдеттенмелери жөнүндө суроо менен кайрылгандыгын баса белгилөө маанилүү. Бул операцияны ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында эч кандай чектөөлөр жок жана аны колдонууда, салык милдеттенмелери болбоору жөнүндө расмий тастыктама алынган. 2020-жылдын 28-апрелинде Бизнес-акыйкатчысы сунуштама түрүндө чара көрүү актысын чыгарып, ал мамлекеттик органга жиберилген. Чара көрүү актысынан тышкары, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен биргеликте мыйзам чыгаруу бийлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексине зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жардам көрсөтүлдү, ал өзгөртүүлөр укуктук ажырымды жоюп жана субъекттин ишин салыксыз деп таанууга мүмкүнчүлүк тузмөк. Бул үчүн бардык кызыкдар жактарга дал ушул жагдайдагы мыйзамдын кемчилиги, даттанууну кароонун натыйжаларына ылайык ишкердик субъектинин аракеттеринин мыйзамдуулугун тастыктаган жана ушул маселе боюнча пикир келишпестиктерди болтурбоо максатында, тез арада Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бизнес-акыйкатчынын позициясын маалымдоо боюнча олуттуу иштер жүргүзүлдү. Тактап айтканда, ушул максатта зарыл болгон корутундуларды берүү, мыйзамды расмий кабыл алуу жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон иш-чараларды жүргүзүүгө катышкан бардык мамлекеттик органдар менен жолугушуулар өткөрүлүп, башкача коммуникациялар түзүлдү. Натыйжада, 2020-жылдын 3-августунда тиешелүү мыйзам кабыл алынып, бөлүштүрүлбөгөн кирешени ишкердик субъекттин уставдык капиталынын көбөйүшүнө таандык кылуу операциясын субъективдүү чечмелөө мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылды. Ушул мыйзамдык өзгөртүүлөрдүн негизинде мамлекеттик орган ишкердик субъектке карата салыктарды жана айып пулдарды кошумча эсептөө жөнүндөгү чечимин жокко чыгаруу керек деген бүтүмгө келген. Бизнес-акыйкатчы институттун ишинин алгачкы 6 айында бизнес өкүлдөрүнөн келип түшкөн даттануулардын натыйжасында аныкталган төмөнкү тенденцияларды жана тутумдук көйгөйлөрдү белгилейт. Мындай системалык көйгөйлөрдүн катарында: мыйзамдарды ар кандай чечмелөөгө мүмкүндүк берген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында боштуктардын жана карама-каршылыктарынын болушу; тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болбогон мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын чечмелөө; мамлекеттик органдардын алар тарабынан мурда кабыл алынган чечимдерин эми жокко чыгарылышы менен дал келбестиги. Бул практика өлкөдөгү натыйжалуу ишкердик жүргүзүүгө тоскоол болуп, иштеп жаткан жана потенциалдуу инвесторлорго кооптуу сигналдарды жөнөтөт. Бизнес-акыйкатчы институту www.boi.kg сайты аркылуу ишкерлерге мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана алардын кызмат адамдарынын аракеттерине, аракетсиздигине же чечимдерине даттануу укугун эскертет. Даттанууларды берген субъекттин маалыматтарынын купуялуулугун сактоо мүмкүнчүлүгү бар, даттануулар акысыз каралат