25 Ноябрь 2019

Бизнес-акыйкатчысы Жогорку Кеӊешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчѳлѳрүнүн менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит мырза, Бизнес-Акыйкатчынын орун басарлары С.В.Пономарев жана Н.Ж.Мусуралиев менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчѳлѳрүнүн катышуусунда жолугушуу болуп ѳттү. Жолугушууда Бизнес-акыйкатчынын институтунун ишкерлердин мамлекеттик органдарга, мамлекеттик ишканалар жана жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу органдарына карата даттанууларын карап чыгуу аркылуу алардын кызыкчылыктарын коргоо багытындагы ишмердүүлүгүнѳ байланышкан маселелер талкууланды. Жогорку Кеӊештин Комитетинин мүчѳлѳрү Бизнес-акыйкатчы институтунун ѳлкѳнүн бизнес чѳйрѳсүн жакшыртууга багытталган ишине ар тараптуу колдоо кѳрсѳтүүгѳ даяр экендигин билдиришти.