20 Сентябрь 2020

Ишкер күнү менее куттуктоо!

Урматтуу ишкер мырзалар жана айымдар! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Ишкерлер күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер! Жеке ишкер болсоңуз да, ири бизнестин ээси болсоңуз да, сиздин өлкө экономикасына кошкон салымыңыз эбегейсиз. Өлкөнүн экономикасынын дээрлик жарымы сизден, сиздин талыкпаган эмгегиңизден, иштермандыгыңыздан жана келечекке тайманбай караган оптимизмиңизден көз каранды. Көпчүлүгүңүздөр кыш-жай, ысык-суукка чыдап, кабагым-кашым дебей, чоң баштык менен майда соода-сатыктан баштап, дүйнөлүк рынокто өлкөнү тааныткан эл аралык компанияларга чейин өсүү жолун басып өттүңүздөр. Салык төлөп, жумуш ордуларын түзүп, тармакты өнүктүрүп, кээде жаңы тармак ачып, тобокелчилик менен ийгиликке жеттиңиздер. Кээде бардык эле долбоорлоруңуздар ишке ашпай калат. Бирок ар бир каатчылыктан татыктуу өтүп жатасыздар. Сиздердин ишкердик демиңиздер эч качан жеңилбейт. Ал дем менен үй-бүлөңүз, кызматкерлериңиздин үй-бүлөлөрү жана өлкө коомчулугу гүлдөп өсүүдө. Сиздерге бекем ден-соолук жана кажыбас кайрат каалайбыз. Жаңы бийиктиктерге, жеңиштерге жетиңиздер. Баары ойдогудай болсун! Майрамыңыздар менен, урматтуу ишкерлер!