24 Сентябрь 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги менен жолугушуу

Кыргыз Республикасынын Бизнеc-акыйкатчынын орун басары Мусуралиев Н., Пономарев С. жана БАИнун адистери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Абдалиев К.менен, төраганын орун басарлары Асылкулов И. жана Карагулова А. менен, салык кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Бизнес-акыйкатчы институтунун өкүлдөрү салык кызматынын жетекчилиги менен Бизнес-акыйкатчы институтунун алгачкы айларынын жыйынтыгы боюнча байкалган тенденцияларды, анын арасында ишкерлердин даттанууларын, салык кызматына караштуу ишкерлердин даттанууларын, байланыш жана кызматташтык маселелерин талкуулашты. Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү өз кезегинде кызматташууга ачык даярдыгын билдиришти.