25 Ноябрь 2019

Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит мырза Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит мырза жана анын орун басарлары Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Д.М.Жунушев жана Инспекция жетекчилигинин башка ѳкүлдѳрү менен жолугушту.  Жолугушуунун жүрүшүндѳ Бизнес-акыйкатчынын институтунун алдыдагы ишкерлерден келип түшкѳн арыздарды иликтеп чыгуу боюнча ишинин алкагында кызматташуу жана колдоо кѳрсѳтүү маселелери сүйлѳшүлдү. Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилиги Бизнес-Акыйкатчы институтуна ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоого арналган миссиясын аткаруусуна ар тараптуу колдоо кѳрсѳтѳ тургандыгын билдирди.