26 Ноябрь 2019

Бизнес-акыйкатчы массалык маалымат каражаттарынын ѳкүлдѳрүү менен брифинг ѳткѳрдү

Бизнес-Акыйкатчынын миссиясы, максаттары жана милдеттери, ишкерлерден келип түшкѳн арыздарды карап чыгуу тартиби, Институттун ишке киришүү мѳѳнѳттѳрү жана ѳлкѳнүн бизнес чѳйрѳсүнүн ѳкүлдѳрүнѳн арыздарды кабыл алуунун башталышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит мырза 2019-жылдын 26-ноябрында массалык маалымат каражаттарынын ѳкүлдѳрүнүн катышуусу менен ѳткѳн брифингде айтып берди. Жолугушууга телевидение, радио жана онлайн басылмалар кошулуп, ѳлкѳнүн алдыӊкы массалык маалымат каражаттарынын ѳкүлдѳрү катышты.