26 Ноябрь 2019

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрѳшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен жолугушуу

Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит мырза, Бизнес-акыйкатчынын орун басарлары С.В.Пономарев жана Н.Ж.Мусуралиев Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрѳшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тѳрагасы Б.Д.Таиров менен жолугушту.   Жолугушуунун жүрүшүндѳ Бизнес-акыйкатчынын ишкерлердин кызыкчылыктары менен укуктарын коргоо боюнча ишмердүүлүгүнүн алкагында кызматташуу жѳнүндѳ маселелер сүйлѳшүлдү. КР Финансы полициясынын башчысы жолугушуунун катышуучуларына бизнес чѳйрѳсүнүн ѳкүлдѳрүнүн даттанууларын иликтеп чыгуу жана ѳлкѳдѳгү ишкердик климатын жакшыртуу багытында ар тараптуу жардам кѳрсѳтүүгѳ даяр экендигин билдирди