04 Февраль 2020
Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министри менен жолугушуу
2020-жылдын 4 февралында Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит мырза менен Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министри У.Э.Чодуевдин ортосунда жолугушуу болуп ѳттү. Жолугушуу учурунда Бизнес-акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүнүн алкагында, коррупцияны азайтуу жана Кыргыз Республикасынын ишкердик чѳйрѳсүн жакшыртуу максатында ишкерлерден келип түшкѳн арыздарды иликтеп чыгуу боюнча кызматташуу жана колдоо кѳрсѳтүүгѳ байланыштуу маселелер талкууга алынды. Министрдин ѳкүлчүлүгүндѳ Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлиги Бизнес-акыйкатчынын институтуна ѳлкѳнүн ишкерлеринин кызыкчылыктарын коргоо боюнча миссиясын аткаруусунда толугу менен колдоо кѳрсѳтүүгѳ даяр экендигин билдирди.