05 Февраль 2020
Социалдык фондунун тѳрагасы М.Э.Ирсалиев менен жолугушуу
Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит КР Социалдык фондунун тѳрагасы М.Э.Ирсалиев менен жолукту. Жолугушууда Бизнес-акыйкатчынын ишкерлердин кызыкчылыктары менен мыйзамдуу укуктарын коргоо багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында жакын жана конструктивдүү кызматташууга байланышкан маселелер талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, КР Социалдык фонду тарабынан Бизнес-акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүнѳ жана алдыдагы бизнес чѳйрѳсүнүн ѳкүлдѳрүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иштерине карата даттанууларын иликтѳѳгѳ ар тараптуу колдоо кѳрсѳтүлѳ тургандыгы макулдашылды